• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Өзбекстанда сутка ичинде COVID-19 илдетин жуктурган 160 учур катталды. Жалпы 5263

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.06.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 5 миң 263 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 160 учур катталган. Ал эми 172 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Өзбекстанда карантин 1-августка чейин узартылды. Аймактардагы эпидемиологиялык абалга жараша "кызыл", "сары" жана "жашыл" сыяктуу карантиндик чектөөлөр коюлган.

Ал эми 15-июндан тарта “сары” жана “жашыл” аймактарда карантиндик коопсуздук чараларын сактоо талаптары менен эл аралык аба каттамдары, кафе-ресторандар, кийим-кече саткан базарлар, жеке мектепке чейинки мекемелер өз ишин жандантты.

Учурда өлкөдө 5 миң 263 адам илдет жуктурса, анын 4 миң 19у айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 19 бейтап каза болду. 1 миң 225 бейтап ооруканаларда дарыланууда.

Пикир

Оставить комментарий