• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Өзгөндө жардамга муктаж 100 үй-бүлөгө азык-түлүк баштыкчалары берилди

Аймак 0

Бишкек, 16.06.22. /Кабар/. Өзгөндө жардамга муктаж 100 үй-бүлөгө 300 миң сомдук азык-түлүк баштыкчалары таратылды. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, азык-түлүк баштыкчалары ун, өсүмдүк майы, кумшекер, чай, макарон, күрүч, туз жана таттууларды камтыйт.

«Адилеттүүлүк болсун деп районго караштуу 19 айыл өкмөттөн жардамга муктаж төрттөн үй-бүлө жана Өзгөн шаарынан 24, жалпы 100 үй-бүлөгө жардам көрсөттүк. Максатыбыз фитир-садаканын өз ордуна жеткирүү жана жардамга муктаж жарандарды сүйүнтүү», – деди Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров.

Белилей кетсек, кайрымдуулук иш-чарасы фитир-садакадан түшкөн каражаттын Өзгөн хатибиятына тиешелүү эсебинен каржыланып, калктын аярлуу катмарына тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий