• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жайыл райондук милиция кызматкерлери мечит имамдары менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 15.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 14-декабрында Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги жана кызматкерлери Жайыл районунун аймагында жайгашкан мечиттердин имамдары менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун максаты - экстремисттик аракеттердин укук бузууларынын алдын алуу жана бөгөт коюу, жарандар арасында жана өзгөчө жаштар арасында радикалдык идеялардын жайылышына жол бербөө.

Белгилей кетсек, имамдардын бул багыттагы алдын алууда ролу чоң, анткени алар күн сайын мечитке келген адамдар менен жолугушуп турушат.


Пикир

Оставить комментарий