• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Жалал-Абад облусунда шайлоого карата коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иштер жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 21.09.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда милиция тарабынан алдыда боло турчу шайлоого карата коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иштер жүрүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Базар-Коргон РИИБи тарабынан шайлоого карата коомдук коопсуздукту сактоо жана үгүт иштери үчүн илинген көрнөк-жарнактарды уурдап же жыртып кетүү фактыларынын алдын алуу максатында эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Милициянын көчмө кабылдамасы унаасы менен айыл аралашып, профилактикалык иштер менен катар жарандардын арыз-даттануулары кабыл алынууда. 2020-жылдын 8 ай ичинде милициянын көчмө кабылдамасы 75 жолу район аймагына чыгып, жергиликтүү тургундардан 92 ар түрдүү кайрылууларды кабыл алган. Анын ичинен 17 кайрылуу коопсуздук боюнча, калган 75и шайлоо жана короновируска байланыштуу болгон.

COVID-19 илдетинин жайылуусунун алдын алуу максатында Аксы РИИБдин имараты санэпидкызматы тарабынан дезинфекциядан өткөрүлдү. Кызматтык кабинеттер, убактылуу кармоочу жана текшерип өткөрүү жайларында санитардык иштер жүргүзүлдү. Ошондой эле кызматтык автоунаалар дагы дезинфекцияланды. Мындан сырткары өздүк курам жугуштуу илдеттин алдын алуучу медициналык каражаттар менен камсыз кылынууда.

Пикир

Оставить комментарий