• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 27.11.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 27-ноябрь күнү саат 11:59да Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Базар-Коргон районунун Арсланбаб айылында 3 баллга чейин, Жай-Терек, Оогон-Талаа, Гүмкана айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий