• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад шаардык прокурору жергиликтүү ишкерлердин көйгөйүн укту

Аймак 0

Бишкек, 21.03.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын прокурору Малик Бектурганов шаардык мэриянын жыйындар залында жергиликтүү ишкердик субъекттеринин өкүлдөрү менен жолукту. Ага калаа мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык ички иштер башкармалыгынын, салык кызматынын өкүлдөрү да катышты. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Алгач президенттин жеке ишкерлерди текшерүү боюнча 4-мартта чыккан жарлыгы тааныштырылып, андан соң ишкерлердин укугун коргоо, алардын ишине тоскоолдуктарды болтурбоо, негизсиз текшерүүлөргө бөгөт коюу маселеси көтөрүлдү.

Жыйында прокурор ишкерлерди кызыктырган жана түйшөлткөн суроолорго жооп берди. Ал эми калаа башчысы шаар бийлиги ишкерлерди колдоого даяр экенин белгилеп, мындан ары да тыгыз иштешүүг даяр экенин билдирди.

Эгерде ишкерлер атайын органдар тарабынан мыйзамсыз аракеттерге кабылса 03722 5 20 02, 5 64 60 номуруна байланышса болот.

Пикир

Оставить комментарий