• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад шаарынын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 02.06.23. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаарынын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-июнда оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу саат 10:00дөн 17:00гө чейин төмөнкү көчөлөрдө жана шаарга чектеш аймактарда электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт:

Таш-Булак, Айни, Султанов, Ворошилов, Доскана, Мусаев, Аманов, Мадаминов, Мурзакулов, Тайгараев, СССР, Абдыкадыров, Исанов, Достук, Рахимов, Тыныстанов көчөлөрү, Достук кичирайону, Жеңижок №50, 52, 54, 56.

Мэрия жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий