• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда иш кагаздардын мамлекеттик тилде туура жазылуусу текшерилүүдө

Коом 0

Бишкек, 15.11.23. /Кабар/. Жалал-Абадда иш кагаздардын мамлекеттик тилде туура жазылуусу текшерилүүдө

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, 15-ноябрда тийиштүү кызматтардан турган комиссиялык топ Жалал-Абад шаардык салык кызматына, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин шаардык бөлүмүнө барышты.

Анда аталган мекемелердеги иш кагаздары менен таанышып, анын туура жүргүзүлүүсүнө жана мамлекеттик тилде туура жазылуусуна мониторинг жүргүзүштү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө айрым кемчилдиктер аныкталып, аларды жоюу тапшырмасы берилди.

Жалал-Абад шаарында мындай өнөктүк бир нече күндөн бери уланууда. Алдыда дагы улантылат.

Белгилей кетсек, аталган текшерүү “Кыргызстанда 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын” ишке ашыруу максатында уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий