• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Жалал-Абадда психикалык саламаттык борборунун кошумча имараты курула баштады

Аймак 0

Бишкек, 15.05.23. /Кабар/. Жалал-Абад облустук психикалык саламаттык борборуна кошумча жаңы имарат куруу иши башталды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-майда имараттын пайдубалына капсула салынды. Ага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Жалал-Абад облустук психикалык саламаттык борборунун башкы дарыгери Махпурат Умарова, "Ассанабил" коомдук кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү жана Бахрейнден келген дарыгерлердин тобу катышты.

Жаңы курулуп жаткан имарат бир кабаттан туруп, анда ашкана, бейтаптарга кеңеш берүү бөлмөлөрү жайгашат.

Курулуш "Ассанабил" коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланып жатат. Имарат ушул жылдын сентябрь айында бүткөрүлөт.

Эскерте кетсек, аталган психикалык саламаттык борборунда облус боюнча 8 миңге жакын жаран каттоодо туруп, жылына 1 миңдей бейтап дарыланып чыгат.

Пикир

Оставить комментарий