• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларын коргоо жөнүндө мыйзамы жактырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 2-август /Кабар/. Президент Алмазбек Атамбаев «Бишкек шаарында 2016-жылдын 16-сентябрында кол коюлган Коргоо чараларын жүзөгө ашыруу менен байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу маселелери боюнча 2006-жылдын 28-ноябрындагы Жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларын коргоо жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 22-июнунда кабыл алынган

Протокол жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларын коргоо жөнүндө Макулдашуунун 4-статьясында каралган коргоо чараларын ишке ашырууга байланыштуу чыгымдарды пландаштыруу тартибин аныктайт. Ал Макулдашуу Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 23-январындагы №11 мыйзамы менен ратификацияланган.

Макулдашуунун 4-статьясынын 1-бөлүгүнүн жоболоруна ылайык,коргоого алынган адамдарга карата коргоонун бир же бир нече чаралары колдонулушу мүмкүн:

-корголуучу адамды сурам кылынган Тараптын аймагында коопсуз жерге жайгаштыруу;

-корголуучу адамды сурам кылынган тараптын аймагында жер котортуу;

-сурам кылынган адамдын документин алмаштыруу;

-корголуучунун тышкы кебетесин өзгөртүү;

- корголуучу адамга жеке коргонуунун, байланыштын жана маалымдоонун атайын каражаттарын берүү;

- жеке коргоого алуу, турак-жайды жана мүлктү коргоо;

-корголуучу адам тууралуу маалыматтардын конфиденциалдуулугун камсыздоо;

- иш(кызмат) жана окуу ордун өзгөртүү;

- камакта кармалган же жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жерлердеги корголуучу адамга карата кошумча коргоо чараларын колдонуу, анын ичинде камакта кармалган же жаза мөөнөтүн өтөгөн бир жерден башка жерге которуу.

Протоколдо Макулдашуунун катышуучу-өлкөсүнүн сурам кылынган компетенттүү органы тарабынан жогоруда аталган чараларды ишке ашырууга байланыштуу чыгымдарды төлөп берүү тартиби, ошондой эле финансылык чыгымдар тууралуу отчеттук документтерди көрсөтүү тартиби белгиленет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий