• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жеңүүчүлөргө Силикон өрөөнүнө саякат. Бишкекте дүйнөлүк IT-лидерлер катышкан форум өтөт

Өкмөт 0

Бишкек, 17.03.23. /Кабар/. Бишкекте 5 мамлекеттин дүйнөлүк деңгээлдеги IT-лидерлери катышкан Борбор Азия технологиялык форуму өтөт.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, форум ушул жылдын 24-мартына белгиленген.

Бул иш-чара Кыргызстандын Экономикалык саясатты изилдөө институту менен биргеликте Программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуучулардын кыргыз ассоциациясы тарабынан уюштурулууда.

Форумга президенттин администрациясынын өкүлдөрү, Американын ири “Amazon” электрондук соода платформасынын аймактык IT-директору, Вашингтон университетинин IT-билим берүү боюнча эксперттери, “JETRO” тышкы сооданы өнүктүрүү уюму башында турган Япониядан келген делегациянын катышуусу күтүлүүдө.

Форумдун алкагында Америка Кошмо Штаттарынын, Казакстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Түштүк Кореянын жана Германия Федеративдүү Республикасынын эксперттеринин панелдик сессиялары жана презентациялары болот. Сессиялардын жүрүшүндө эл аралык тенденциялар жана IT-билим берүүнүн келечеги талкууланат.

Форумдун жыйынтыгында комитет түзүлөт – ал жогоруда аталган өлкөлөрдүн эл аралык өнөктөштөрү менен өз ара аракеттенүү боюнча билим берүү мекемелеринин ассоциациясы.

Кошумчалай кетсек, форумдан кийин Central Asian Tech Awards аттуу өзүнчө иш-чарасы уюштурулуп, анда 7 номинация боюнча жеңүүчүлөргө сыйлыктар ыйгарылат. Ар бир жеңүүчү үчүн сыйлык – Силикон өрөөнүнө (Калифорния штаты, АКШ) саякат.

Пикир

Оставить комментарий