• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Каныбек Иманалиев Сауд Аравиянын элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Билим 0

Бишкек, 17.03.23./Кабар/. Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Сауд Аравия Падышачылыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради бин Абдурахман Аль Ради менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушууда Каныбек Иманалиев министр кызматын аркалап баштагандан бери биринчи кабыл алган элчи Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчиси болгондугун белгиледи.

Тараптар билим берүү тармагындагы эки тараптуу мамилелерди, стратегиялык өнөктөштүктү, кызматташтыкты тереңдетүүнү жана бекемдөөнү талкуулап, биргеликте тыгыз иш алып баруу максатын алдыга коюшту.

Элчи Ибрахим бин Ради бин Абдурахман Аль Ради Кыргызстан тарабынан бөлүнгөн квоталар тууралуу маалымат берди.

Министр билим берүү жаатында жасала турган реформалардын бир багыты кесиптик башталгыч билим берүү тармагына багытталганын айтты.

Пикир

Оставить комментарий