• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Жээнбеков үй-бүлөлүк кландык башкарууга жол бербөө үчүн туура кадамдарды жасап жатат - Эргешов

Коом 0

Бишкек, 04.05.18 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда үй-бүлөлүк кландык башкарууга жол бербөө үчүн туура кадамдарды жасап жатат. Мамлекет башчынын Ысык-Көлдө сүйлөгөн сөзүн КР ЖКнын мурдагы депутаты Алмазбек Эргешов ушундай түшүндүрдү.

Анын айтымында, Жээнбеков өзүнүн карьерасы бою ак ниет ишинен күмөн саноого себеп берген жок.

“Ал 4 айдан бери президент катары эмгектенип жатат жана али да күмөн саноого себеп жок. Ал айыл чарба министри, губернатор болуп иштеп турганда, кайсы бир жерде анын туугандары иштеп жатканы же үй-бүлөлүк башкаруу болгону тууралуу кыйытып да айтышкан эмес. Менимче, президентибиз буга жол бербейт”, - деп түшүндүрдү Эргешов.

Мурдагы эл өкүлү президент аймактарга бөлүп-жарууга жол бербей турганын белгилейт, анткени биринчи кезекте кызматка дайындоо чиновниктин кесипкөйлүгүнө жана тазалыгына негизделет.

“Президент өзү түштүктөн болгону менен, көпчүлүк дайындоолору түндүктөн. Башта урууларга бөлүү болсо, кийин түндүк-түштүк аймактарына өткөн. Биз мындан четтеп, президентти бул аракетинде колдошубуз кажет”, - деп жыйынтыктады Эргешов.

Эскерте кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусунун Тоң районунун жашоочулары менен жолугушууда үй-бүлөлүк башкарууга каршы күрөштүн башатында турган адам катары, бийликтеги кландык башкарууга жол бербей турганын билдирди.

“Биздеги эң чоң жетишкендик – күчтүү жарандык коом. Ачык коомдо эч качан үй-бүлөлүк, деги эле кландык башкаруга жол берилбейт. Президенттик кызматтагы менин мамлекеттик ишмердигиме жакындарымдын же туугандарымдын эч кимиси таасирин тийгизе албайт”, - деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Пикир

Оставить комментарий