• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жээнбеков менен Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Президент 0

Бишкек, 14.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстан Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында бүгүн, 13-декабрда, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен кеңири курамда жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын Президентине расмий сапар менен келип кетүүгө чакыргандыгы жана жылуу кабыл алгандыгы жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди.

“Сиздер менин досум жана үзөнгүлөшүм Алмазбек Шаршенович менен бирге акыркы чейрек кылымдын аралыгында чече албаган маселелерди чечүүгө жетиштиңиздер. Сиз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы бардык тоскоолдуктарды жоюуну чын дилиңизден каалап жаткандыгыңызды көрүп турам.

Бул сапар Кыргызстандын салттуу достукка, жакшы коңшулаштыкка, жана боордоштук мамилелерге негизделген кыргыз-өзбек кызматташуусун мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын ырастап турат. Элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн өлкөлөрүбүз ортосунда ишенимди тереңдетип, стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө бардык күч аракетимди жумшоого даярмын”, -деди Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен Өзбекстандын позициялары көпчүлүк түйүндүү маселелер боюнча дал келээрин белгилеп, жогорку жана бийик деңгээлде гана активдүү диалогду колдоого албастан, министрликтердин жана ведомстволордун, чек арадагы канатташ райондордун деңгээлинде дагы активдүү диалогду колдоо зарылчылыгын баса белгиледи.

“Кыргызстан Өзбекстан менен ссода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө абдан маани берет. Бул багытта биз комплекстүү иштерди жүргүзүүгө тийишпиз. Эки тараптуу кызматташуу боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын ишмердигинин натыйжалуулугун арттыруу зарыл”, -деп Президент товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү үчүн эки өлкө күч аракет жумшаш керектигин кошумчалады.
“Ишкерлерибиз байланыш түзүп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана өндүрүштүк линияларды ачуу мүмкүнчүлүктөрүн караштырып жаткандыгы кубанычтуу.

ЕАЭБке мүчөлүгүн жана ВСП+ макамына ээ экендигин эске алып, Кыргызстан Өзбекстан менен кайра иштетүү жана текстиль өнөр жайында биргелешкен ишканаларды түзүүгө кызыктар”, -деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Мамлекет башчысы Кыргызстан Кытай жана Өзбекстандын ортосунда транспорттук коридорду ишке киргизүүнүн маанисин канааттануу менен белгиледи.
“Бул коридорду ишке киргизүү өлкөлөрүбүздүн транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырып, жалпысынан транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт деп ойлойм.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда үзгүлтүксүз жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттук байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле элдерибиздин ортосундагы байланыштарды бекемдөө максатында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарын кошуна Өзбекстандын облустары менен байланыштырган үзгүлтүксүз жүргүнчүлөрдүн маршруттарын кайра калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуштайм”, -деп Президент «Өзбекстан – Кыргызстан – Кытай» темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча активдүү кызматташууга даярдыгын баса белгиледи.
Маданий-гуманитардык кызматташуу маселелерине токтолуп, Президент Сооронбай Жээнбеков үстүбүздөгү жылдын октябрь айында кыргызстандык искусство сүйүүчүлөрүнүн колдоосуна ээ болгон Өзбекстандын Кыргызстандагы маданият жана искусство күндөрү өткөрүлгөндүгүн белгиледи.
“2018-жылдын башында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 25 жылдыгына карата кыргыз тарап Кыргызстандын Өзбекстандагы маданият жана искусство күндөрүн өткөрүүнү болжолдоп жатат.
Жагдайдан пайдаланып, Улугбек атындагы Улуттук университетте «Айтматов жана Өзбекстан» туруктуу экспозициясын ачуу боюнча өзбек тараптын чечими үчүн ыраазычылык билдирем.
2018-жылы Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш чаралар Кыргызстанда мамлекеттик жогорку деңгээлде өткөрүлөт.Чынгыз Айтматовду окуп жана терең урматтаган Өзбекстан бул иш чаралардан четте калбайт деп ойлойм”, -деди Сооронбай Жээнбеков.
Президент өз сөзүндө канатташ чек араларда кызматташууну өнүктүрүү жана чыңдоо зарылчылыгын дагы белгилеп өттү.

“Аны үчүн Кыргызстан менен Өзбекстандын Өкмөттөрүнүн ортосунда Өзбекстан Республикасынын чек арага чектеш облустарында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстан Республикасынын чек арага чектеш облустарынын хокимдеринин Кеңешин түзүү тууралуу Меморандумду толугу менен ишке ашыруу зарыл.
Биз өзбек тараптын Кеңештин биринчи отурумун 2018-жылдын биринчи кварталында өткөрүү тууралуу сунушун колдойбуз”, -деп белгиледи Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков.
Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Президент Сооронбай Жээнбеков менен жылуу учурашып, быйылкы жыл эки өлкөнүн мамилелеринде тарыхый жыл болгондугун белгиледи.
“Быйылкы жылы биз жогорку деңгээлде үч жолугушуу өткөрдүк. Улуу кыргыз эли татыктуу Президент шайлап алганда биз кубанычыбызды жашырганыбыз жок. Шайлоолордун жыйынтыгы Сиздин пландарды жана программаларды өлкөнүн эли колдоорун ырастап турат”, -деди Шавкат Мирзиёев.
Өзбекстандын Президентинин сөзү боюнча Кыргызстан менен кызматташууну тереңдетүү артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат.
“Биз мамилелерибизди түп тамырынан бери өзгөртүүгө ниеттенип турабыз. Аны үчүн эң жогорку деңгээлде саясый эрк бар. Сиз чет өлкөлөргө алгачкы сапарыңыздын бирин Өзбекстанга жасаганыңызды биз баалайбыз. Муну биз эки тараптуу мамилелерибизди өнүктүрүүгө умтулуу катары карайбыз”, -деди Өзбекстандын Президенти.
Ал Кыргызстан менен өз ара ишенимдүү диалог Өзбекстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардан экендигин дагы белгиледи.
“Кыска мезгилдин аралыгында биз эки жетекчинин эрки менен өлкөлөрдүн өз ара мамилелерин түп тамырынан бери өзгөртүүгө жетиштик. Биз мамилелерибизди ырааттуу улантаарыбызды ырастап, көп маселелер боюнча позицияларыбыз жакындыгын баса белгиледик. Эл аралык уюмдардын алкагында өз ара мамилелерди тереңдетүү практикасын улантуу зарыл деп эсептейбиз.
Биздин пикирлерибиз дал келет жана ойлорубуз бирдей. Мен ойлойм бул башталышы гана. Биздин ортобузда чечилбес маселелер жок. Бул элдерибиздин каалоосу жана мезгилдин талабы”, -деди Өзбекстандын Президенти.

Өзбекстандын Президенти сөзүнүн акырында Президент Сооронбай Жээнбековдун сапары эки өлкөнүн өз ара мамилелерин жаңы деңгээлге алып чыгаарына ишенимин билдирди. “Биз аны конкреттүү мазмун менен байытышыбыз керек. Мына бүгүнкү сүйлөшүүлөр алдыга коюлган бардык милдеттерди мындан дагы натыйжалуу чечүүгө жол ачат”, -деп сөзүн жыйынтыктады Шавкат Мирзиёев.

Пикир

Оставить комментарий