• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ЖК төрагасы Сузактагы жашылча-жемиштерди консервалоочу заводго барды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Сузак районуна караштуу Ырыс айыл аймагындагы жашылча жемиштерди консервалоочу заводдун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Өлкөнүн өнүгүшү өндүрүштүк ишканалардын көбөйүшүнө көз каранды экенин белгилеген Төрага Чыныбай Турсунбеков: “Бул завод бир гана ушул айылдын тургундарынын иштеп акча табуучу ишканасы эмес, райондун экономикасын көтөрүүчү башкы каржы булагы болуп эсептелерине күбө болдук. Элеттиктер өздөрү өстүргөн жемиштерин ушул заводко өткөрүп, бир жылдык керектөөсүн камсыздап аларына ишендик. Айрыкча, заманбап технологиялардын жардамы менен кайрадан иштелип чыккан азыктар чет өлкөлөргө экспорттолуп жатышы жакшы көрүнүш. Себеби, чийки сырьену саткандан көрө, кайрадан иштетип экспорттосок дыйкандар үчүн гана эмес, өлкө экономикасы үчүн да пайдалуу. Ошондуктан, Өкмөт ушул багытта иш алып барып, бул сыяктуу ишканалардын санын көбөйтүшү зарыл”, – деди.

Андан тышкары, Төрага азык өндүрүүгө керектелүүчү сырьенун жетишсиз болуп жатканына токтолуп: “Чүйдөн ташылып жаткан помидорду бул жакта өстүрсө эмнеге болбосун? Андыктан, күнөсканаларды куруп, жайы-кышы керектүү сырьену камсыздоону колго алышыңар керек. Ошондо бул ишканан тынымсыз иштеп, жумуш ордулары көбөйөт”, – деп кошумчалады.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш Төрагасы Чыныбай Турсунбеков эки күндүк иш сапар менен Жалал-Абад облусуна жүрөт. Анын алкагында бир катар социалдык мекемелердин жана өндүрүштүк ишканалардын абалынан кабар алып, жергиликтүү тургундар менен да жолугушууда.

Пикир

Оставить комментарий