• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жогорку Кеңеш 7,8 млн сомго жаңы компьютерлерди сатып алат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.08.23. /Кабар/. Жогорку Кеңеш 7,8 млн сомго жаңы персоналдык компьютерлерди сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалат.

Талап кылынган техниканын саны көрсөтүлгөн эмес. Белгиленгендей, келишим түзүлгөндөн кийин жеткирүү 40 күндүн ичинде жүргүзүлүшү керек.

Потенциалдуу жеткирүүчүлөр милдеттенмелерди аткарууга байланыштуу бардык салыктарды жана жыйымдарды, пошлина жана башка чыгымдарды эске алуу менен бааларды көрсөтүшү керек.

Пикир

Оставить комментарий