Бишкек, 12.10.23. /Кабар/. 2023-жылдын январь-сентябрь айларында республикалык бюджеттен Кыргызстандын мамлекеттик карызын (ички + тышкы) төлөөгө 31 млрд 200,7 млн сом которулган.
Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, анын ичинен:
- мамлекеттик тышкы карызды төлөөгө - 22 млрд 457,9 млн сом;
- мамлекеттик ички карызды төлөөгө - 8 млрд 742,8 млн сом жумшалган.
Пикир
Оставить комментарий