• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

10-январга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 10.01.22. /Кабар/. Бүгүн, 10-январда, Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт, - деп билдирет Кыргызгидромет борбору.

Синоптиктердин маалыматы караганда, Ысык-Көл облусунун айрым райондорунда кар жаашы ыктымал. Ал эми Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот.

Абанын температурасы Чүй жана Талас облустарында күндүз -2…+3 градус жылуу болот.

Ысык-Көл облусунда күндүз 1…6 градус, Нарын облусунда -4…-9 градус суук болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы күндүз 3…8 градуска жетет.

Борбор калаабыз Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз абанын температурасы -1…+1 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий