• 88.68
  • 95
  • 0.95

2023-жылы Соцфонддун бюджетинин профицити 13 млрд сом болору күтүлүүдө

Экономика 0

Бишкек, 15.09.23. /Кабар/. Бул жылы бюджеттин профицити 13 млрд сом болот деп күтүп жатабыз. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигинде Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдириди.

Анын айтымында, 2021-жылы Социалдык фонд 2 млрд сом бюджеттин профицити менен чыккан, ал эми 2022-жылы профицит 10 млрд сомду түзгөн.

"Азыркы учурда Соцфонддо пенсияларды көбөйтүүгө 30 млрд сом бар жана кийинки жылдары дагы төлөмдөрдү камсыздай алабыз", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий