• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте эртеңден тарта №146 автобус ишке кирет

Коом 0

Бишкек, 28.12.23. /Кабар/. Бишкекте эртең, 29-декабрдан тарта №146 муниципалдык автобустун жаңы каттамы ишке кирет.

Муниципалитеттен билдиришкендей, каттамдын баштапкы аялдамасы - "Бишкек автобекети" мамлекеттик ишканасы (Алма-Ата – айланма жол көчөлөрүнүн кесилиши), акыркы аялдамасы – Чоң-Арык айылы болмокчу.

Автобустук каттам Аламүдүн жана Орто-Сай базарларын камтыйт. Каттамга 25 автобус чыгаруу пландалууда, ал эми кыймыл аралыгы 8-10 мүнөт болот.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан айланма жол менен Алма - Ата көчөсүнүн кесилишинде (Аламүдүн району) Чыгыш автобекетин шаардын сыртына көчүрүү максатында Бишкек автобекети ("Бишкек автобекети" МИси) уюштурулган. Бөлүнгөн аянт 5 гектарга жакын.

II Элдик курултайда президент Садыр Жапаров Ош базарын, Батыш жана Чыгыш автобекеттерин шаардын сыртына көчүрүү тууралуу билдирген. Бул чаралар аймактардын экологиясын жакшыртууга жана унаа тыгындарын жоюуга жардам берет.

Пикир

Оставить комментарий