• 88.68
  • 95
  • 0.95

3-мартта Бишкектин айрым жаңы конуштарында суу токтотулат

Коом 0

Бишкек, 26.02.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 3-мартында Бишкек шаарынын “Ак-Жар”, “Ак-Бата”, “Келечек” конуштарында таза суу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 3-мартта саат 9:00дөн 17:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык объектилерге жана өнөр жайларга таза суу берилбейт.

Суу берүү “Ак-Жар”, “Ак-Бата” суу алгычтарындагы жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо-профилактикалык иштерге байланыштуу токтотулат.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаардыктарды, мекемелерди ичүүчү суу камдап алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий