• 88.68
  • 95
  • 0.95

4-майга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 04.05.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору бүгүн, 4-майда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болуп, кар күткүсү күтүлөт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +12...+17, Талас облусунда +10...+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +22...+27, Ысык-Көл облусунда +8...+13, Нарын облусунда +7...+12 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын темпуратурасы +13...+15 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий