• 88.68
  • 95
  • 0.95

9-апрелде Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

Коом 0

Бишкек, 05.04.24./Кабар/. 9-апрелде Бишкектин айрым райондорунда таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал күнү саат 9:00дөн 23:00гө чейин Фрунзе көчөсү, Манас проспекти, Жибек-Жолу проспекти, Турусбеков, Баялинов, Абдрахманов көчөлөрүн камтыган аймакта суу болбойт.

Суу Белинский суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Пикир

Оставить комментарий