• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Абдылдаев ЕККУнун тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты

Саясат 0

Бишкек, 12-июль /Кабар/. Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Австриядагы Мауэрбахе шаарында 11-июлда өткөн ЕККУнун тышкы иштер министрлеринин бейформал конференциясына катышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Эрлан Абдылдаев өз сөзүндө учурда Кыргызстан жана Борбор Азия кабылган коопсуздукка жасалган чакырыктар жана коркунучтарга көңүл бурду. Анын айтымында, бул маселе ЕККУнун бардык өлкөлөрү үчүн актуалдуу, мындан улам андагы мамлекеттерди жалпы коркунуч менен активдүү күрөшүүгө чакырды. Ошондой эле, Абдылдаев бардык мамлекеттер арасында жалпы коопсуздукту камсыз кылуу үчүн, мамлекеттер арасында ишеничти бекемдөө жана ачык диалогду колдоо зарылчылыгын белгиледи.

Мындан тышкары министр мамлекеттер бир диалогго келгенде гана мамлекеттер арасында өз ара ишеним түзүлөт деди.

Жыйындын жүрүшүндө ЕККУнун катышуучуларынын арасында бир катар эки тараптуу жолугушуулар өттү.

Пикир

Оставить комментарий