• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Абылгазиев: Экспорттоочулар Кыргызстандын атагын анын аймагынан тышкары чыгарууда

Экономика 0

Бишкек. 06.05.19 /Кабар/. Экспорттоочулар Кыргызстандын атагын анын аймагынан тышкары чыгарууда. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Мыкты экспорттоочу – 2018» сынагынын сыйлыгын тапшыруу салтанатында билдирди.

Өкмөт башчы өз сөзүндө өзгөчө белгилегендей, атамекендик экспорттоочулар жогорку сапаттуу, атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны өндүрүү менен Кыргыз Республикасынын атагын анын аймагынан тышкары чыгарып жатышат.

«Экспорт – бул өлкөнү жайылтуу. Экспорттолгон өндүрүмдүн сапатынан мамлекеттин кандай экендигин билишет. Ошондуктан буга өзгөчө көңүл буруу керек. Өз ишиңер менен силер атамекендик экономиканы өнүктүрүүгө зор салым кошуп, өлкөнүн жагымдуу имиджин илгерилетип жатасыздар», - деп баса белгиледи Абылгазиев.

Премьер-министр кошумчалагандай, 6,7 млрд АКШ доллардык тышкы сооданын жалпы көлөмүнөн экспорттун үлүшүнө 1,7 млрд АКШ доллары туура келет.

«Экспорттук потенциалды өнүктүрүү Өкмөттүн ишинин башкы артыкчылыктарынын бири болуп саналат. 2019-2022-жылдарга экспортту өнүктүрүү Программасы иштелип чыккан. Ага ылайык, чакан, орто жана ири ишканаларды колдоо каралган. Мындан тышкары Өкмөттүн токтому кабыл алынган, ага ылайык, экспортко багытталган ишканаларды жеңилдетилген шарттарда 1 млрд сом суммасына насыялоо долбоору бекитилген. Ошону менен бирге экспорттук потенциалды өнүктүрүүгө Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду жана «Кепилдик фонду» ААК сыяктуу финансы институттары чоң көмөк көрсөтөт», - деп белгиледи Абылгазиев.

Премьер-министр «РСК банк» ААК базасында ири экспорттук-импорттук банк түзүү жана ишин ипотекалык насыялоо жана экспорту өнүктүрүүгө багыттоо үчүн «Росинбанк» ААКны капиталдаштыруу жүргүзүү пландары тууралуу айтып берди.

«2017-жылга салыштырмалуу өлкөдөгү экспорт 5% көбөйгөн, бул жакшы көрсөткүч. ЕАЭБ алкагында ветеринардык жана фитосанитардык тоскоолдуктар алынып салынды. Ошону менен бирге мен сиздерди ВСП+ макамын активдүү колдонууга чакырам, ал продукциялардын белгилүү бир тизмесин Евразия биримдиги өлкөлөрүнө нөлдүк коюмдар боюнча ташууга мүмкүндүк берет», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, үстүбүздөгү жылы экспорттун көлөмүн 2 млрд АКШ долларына чейин көбөйтүү боюнча милдеттер коюлган.

«Бул максаттарда биз фискалдык саясатты кайра карап жатабыз жана текшерүүлөрдүн санын азайтып, экспорттоочуларга ар түрдүү жардам көрсөтүү менен бардык экспорттоочулар үчүн бирдей шарттарды түзүүгө ниеттенүүдөбүз. Мындан тышкары Ишкер кодексин иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү, анда чакан жана орто бизнести коргоо механизмдери камтылат, анткени биздин экономиканын түзүмүнүн дээрлик жарымын тейлөө чөйрөсү түзөт», - деди ал.

Премьер-министр белгилегендей, чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн алдында атамекендик экспортту илгерилетүү милдеттери коюлган.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча Мухаммедкалый Абылгазиев «Мыкты экспорттоочу – 2018» сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий