• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Айыл чарбасын каржылоо ​​​​​​​– 12": Жыл башынан бери 313 млн сом насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 04.04.24. /Кабар/. Жыл башынан бери "Айыл чарбасын каржылоо - 12" долбоорунун алкагында 312 млн 958 миң сомго 741 насыя берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 26 млн 390 миң сомго 81 насыя берилди, анын ичинен:

банктар боюнча алганда:

– "Айыл Банк" ААК, 7160,0 миң сомго 22 насыя;
– "РСК Банк" ААК, 19230,0 миң сомго 59 насыя.

Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 286 млн 568 миң сомго 660 насыя берилди, анын иченен:

банктар боюнча алганда:

– "Айыл Банк" ААК,113 млн 838 миң сомго 264 насыя;
– "РСК Банк" ААК, 172 млн 730 миң сомго 396 насыя.

Жалпы бардыгы болуп 2 категория боюнча 312 млн 958 миң сомго 741 насыя берилди.

– "Айыл Банк" ААК 120 млн 998 миң сомго 286 насыя;
– "РСК Банк" ААК 191 млн 960 миң сомго 455 насыя.

Маалымат үчүн: "Айыл чарбасын каржылоо" долбоору 2013-жылдан бери айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө колдоо көрсөтүп келет, негизинен бул долбоор 2024-жылы аяктамак, бирок карапайым дыйкандардын жана фермерлердин өтүнүчтөрүн аткаруу максатында КР министрлер кабинетинин тескемеси менен "Айыл чарбасын каржылоо – 12" долбоору жылдык 12 пайыздык чен менен кабыл алынып, бүгүнкү күндө 10 пайыздык ченге төмөндөтүлүп, 5 млрд (беш миллиард) сомго каржылоо боюнча тескемеге өзгөртүүлөр киргизилди.

Учурда насыялар "Айыл Банк" жана "РСК Банк" ачык акционердик коомдору аркылуу берилип жатат.

Бул долбоордун алкагында бир дыйкан-фермерди жылдык 10 пайыздык чен менен 500 миң сомго чейин каржылоо жагы каралган.

Пикир

Оставить комментарий