• 88.68
  • 95
  • 0.95

Telegram-каналы аркылуу акча алмаштыруу эмнеси менен кооптуу? Улуттук банктын адиси жооп берет

Экономика 0

Улуттук банктын алмашуу бюролорун көзөмөлдөө тобунун жетекчиси Равшанбек Мурзалиев телеграм-каналдар аркылуу алмашуу операцияларын жүргүзүүнүн кооптуулугу, лицензиясы жок валюта алмаштыруу үчүн кандай жаза коркунучу бар экенин айтып берет.

Телеграмм-каналдары аркылуу алмашуу операцияларын жүргүзүү эмнеси менен кооптуу?

— Бүгүнкү күндө жеке адамдар накталай чет өлкө валютасын алмаштыруу боюнча кулактандырууларды жарыялаган телеграм-каналдары бар. Бул адамдар аркылуу накталай чет өлкө валютасын алмаштыруу операциясын жүргүзгөн жарандар алданып калышы толук ыктымал, ортодо кандайдыр бир талаш-тартыш маселе аны далилдөө мүмкүн эмес.

Мындан тышкары, телеграмм-каналдарынын катышуучуларында кылмыштын элементтери болушу мүмкүн, ушуга байланыштуу жеке адамдардын жабдылбаган пункттарда алмашуу операцияларын жүргүзүүсү тобокелдиктерди жаратышы, анын ичинде жарандардын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч алып келиши, ошондой эле тоноо же алдап кетүү сыяктуу терс көрүнүштөргө алып келиши мүмкүн.

Алдап кетүү, жасалма банкнотторду берип коюу фактылары көбөйүп кеткендигин да белгилеп кетүү керек, ушуга байланыштуу Улуттук банк жарандарды алмашуу операцияларын Улуттук банктан лицензия алган адистештирилген уюмдарда гана жүргүзүүгө чакырат.

Улуттук банк валюта сунуштаган социалдык тармактарга мониторинг жүргүзөбү?

— Улуттук банк алмашуу бюролорунун, ошондой эле жеке жактардын алып сатарлык (спекулятивдик) аракеттерин азайтуу максатында веб-сайттарга, социалдык тармактарга жана мессенджерлерге дайыма мониторинг жүргүзүп турат.

Улуттук банк укук коргоо органдары менен биргеликте жогоруда аталган адамдардын алып сатарлык аракеттерине жол бербөө максатында тиешелүү чараларды жүргүзүп турат.

Лицензиясыз валюта алмаштыруу үчүн кандай жаза каралган?

Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 299-беренеси лицензиясы (күбөлүгү) жок банк операцияларын, анын ичинде чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү жоопкерчилик каралган. Берененин талаптарын бузуу жеке жактарга 175 эсептик көрсөткүч (17 500 сом), юридикалык жактарга 550 эсептик көрсөткүч (55 000 сом) өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Чет өлкө валютасын алмаштырууда талаш маселелер жаралган учурда кайда кайрылуу керек?

— Эгерде сиз лицензиясыз иш алып барган жактар тарабынан алдануунун курмандыгы болсоңуз, укук коргоо органдарына жана Улуттук банкка арыз жазуу менен кайрылууңуз зарыл.

Эгерде сизде валюта алмаштыруу фактысын тастыктаган документтер бар болсо, катка документтердин көчүрмөсүн тиркөө керек. Сиздин кайрылууңузду натыйжалуу кароо үчүн сиз окуянын бардык чоо-жайын, сөзсүз түрдө алмаштыруу жайынын сүрөтүн/дарегин, окуя болгон убактысын жана датасын көрсөтүү менен толук баяндап беришиңиз керек.

Пикир

Оставить комментарий