• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров: Чек арадагы тоскоолдуктарды жана текшерүүлөрдү минималдаштыруу зарыл

Өкмөт 0

Бишкек, 28.10.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Астана шаарында (Казакстан Республикасы) Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Министрлер кабинетинин төрагасы өз сөзүндө улуттук экономикалардын тышкы рыноктордон көз карандылыгын төмөндөтүү жана КМШ ичинде ишкер байланаштарды жандантуу боюнча практикалык чараларды ишке ашырууга басым жасады.

«Биргелешкен инновациялык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана биргелешкен күч-аракеттер аркылуу гана биз бирикменин жалпы экономикасында импорттук компоненттерге болгон көз карандылыкты кыскарта алабыз. Бул үчүн биринчи кезекте КМШда эркин соода аймагы жөнүндө Макулдашуунун потенциалын толук ачып берүү жана товардык жана инвестициялык агымдардын кыймылы үчүн шарттарды максималдуу жөнөкөйлөштүрүү талап кылынат», - деди ал.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, азык-түлүктү экспорттоо боюнча чектөө чараларын кайрадан карап чыгуу, чек аралардагы ар кандай тоскоолдуктарды жана текшерүүлөрдү азайтуу, иштеп жаткан транспорттук коридорлорду өнүктүрүү жана жаңысын түзүү зарыл.

Министрлер кабинетинин төрагасы Кыргыз Республикасынын КМШ өлкөлөрү менен тышкы соода жүгүртүүсү 2022-жылдын январь-августунда 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 29,7%га өскөнүн, ал эми экспорт – 41,0%га, импорт 25,7%га өскөн.

Министрлер кабинетинин башчысы миграциялык күн тартипке кеңири токтолду.

«Биз тараптарды эмгек миграциясы жаатында кызматташууну активдештирүүгө чакырабыз. Шериктештиктин алкагында тышкы эмгек миграциясы жана анын масштабы биздин өлкөлөрдүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу таасирин тийгизип, коомдун дээрлик бардык тармактарына таасирин тийгизээри талашсыз. Биримдик өлкөлөрүнүн алдында КМШда жалпы эмгек рыногунун орун алуусунун зарыл шарты катары ички чек аралардан эркин өтүүнү камсыз кылуу боюнча маанилүү милдет турат деп эсептейбиз», — деди Акылбек Жапаров.

Сөзүнүн жыйынтыгында министрлер кабинетинин башчысы 2023-жылы белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүү пландалып жаткандыгын билдирди.

«Жазуучунун 157 дүйнөлүк тилге которулган чыгармалары менен тааныш болгон дүйнөлүк коомчулук бул иш-чарага кошулат деп ишенем», - деп жыйынтыктады министрлер кабинетинин башчысы.

Пикир

Оставить комментарий