• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров Кыргызстанда “Hyundai” жана “Kia” заводдорун ачууну сунуштады

Өкмөт 0

Бишкек, 15.07.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кореянын Улуттук ассамблеясынын төрагасынын орун басары Чонг У Тэк менен жолугушуу учурунда Кыргызстанда “Hyundai” жана “Kia” автомобиль заводдорун ачууну сунуштады.

Министерлер кабинетинин төрагасы учурда Кыргызстанга автоунаа импорттоо боюнча Корея биринчи орунда экенин кошумчалады.

“Биз корей тарапка Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке мүчөлүгүн эске алуу менен Кореянын “Hyundai” жана “Kia” сыяктуу алдыңкы компанияларынын автомобиль заводдорун ачуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштайбыз” , - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий