• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акыркы жумаларда оорулардын саны азайып, эпидемиологиялык абал турукташууда — Нурматов

COVID - 19 0

Бишкек, 24.08.21. /Кабар/. Акыркы жумаларда оорулардын саны азайып, эпидемиологиялык абал турукташууда. Бул тууралуу Вирус инфекцияларына каршы күрөшүү боюнча илимий-практикалык борборунун жетекчиси Зуридин Нурматов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, бардык аймактарда коронавируска чалдыккандардын көрсөткүчү айкын түрдө төмөндөп жатат жана дарыланып жаткан адамдардын саны күн сайын азаюуда.

“Бул маселеде бардыгынын салымы, биринчиден, бүтүндөй калктын эбегейсиз салымы бар, алардын ичинен алдын-алуу чараларын так сактагандарга жана COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөндөр, ошондой эле калкка COVID-19 жөнүндө туура маалыматты жайылтып жана жеткирип жаткан дарыгерлердин эмгеги зор. Азырынча вирус толук жеңилди деп айта албайбыз. COVID-19 бул жаңы вирус жана ал дагы кандай өзгөрүлө турганын билбейбиз. Бирок аны жок кылуу үчүн вакцина алгандан кийин пайда боло турган антитело керек экендиги так айтууга негиз бар”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий