• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ала-Арча дарыясына ыргытылган акыр-чикирлер тазаланууда

Коом 0

Бишкек, 18.01.24. /Кабар/. Ала-Арча дарыясын кол менен жана механикалаштырылган түрдө тазалоо иштери жүрүүдө.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, «Бишкек суу чарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери учурда дарыянын жээгиндеги куурап калган бадал жана бак-дарактарды кыюу, камыш, жана отоо чөптөрдү чабуу, ошондой эле дарыяга ыргытылган акыр-чикирди тазалоо иштерин аткарууда.

Мындан тышкары, кызматкерлер шаардын кургак жана суусу аз аймактарын мындан ары сугат суу менен камсыз кылуу үчүн скважинаны бургулоодо.

Пикир

Оставить комментарий