• 88.68
  • 95
  • 0.95

Анкара шаарында "Кыргызстан-Түркия" бизнес-форуму өттү

Экономика 0

Бишкек, 28.02.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 25-февралында Анкара шаарында Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги түрк Өнөр жайчылар, ишкер аялдар жана ишкерлер конфедерациясы («Sankon») менен биргеликте уюштурган "Кыргызстан-Түркия" бизнес-форуму болуп өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бизнес-форум Түркиядан 60тан ашык ишкерлердин катышуусунда офлайн форматында өтүп, ага Кыргызстандан 10 бизнесмен онлайн режиминде катышты.

Өз сөзүндө Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев катышуучуларга кыргыз-түрк соода-экономикалык мамилелери, Кыргызстандын инвестициялык потенциалы жана биздин өлкөдө бизнес жүргүзүү үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу маалымат берди. Ал төмөн салыктарга, энергетикалык потенциалга жана анын 10% гана пайдаланылганына, инвестицияларды коргоо жана кош салык салуудан качуу жаатындагы эки тараптуу келишимдерге, ошондой эле өндүрүлгөн продукцияны экспорттоо үчүн ЕАЭБдин, ВСП+ программасы боюнча Европа Биримдигинин жана ВСП программасынын алкагында АКШнын базарларына көңүл бурду. Элчи Түркиянын ишкер чөйрөлөрүн Кыргызстанга активдүү инвестиция салууга жана өндүрүш жайларын ачууга чакырды.

«Sankon» уюмунун президенти Ферудун Жевахироглу бул Конфедерацияга мүчө компаниялардын Кыргызстандын бизнес-коомчулугу менен байланыштарын арттырууга, ошондой эле инвестициялык, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууну кароого даяр экендигин билдирди.

Ошондой эле бизнес-форумда КРнын Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттигинин өкүлү Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана энергетика, кайра иштетүү өнөр жайы, туризм жана транспорт тармактарындагы долбоорлор боюнча презентация жасады.

Форумдун алкагында төмөнкү темада 4 панелдик сессия өткөрүлдү: экспорт/импорт, машина куруу жана коргонуу өнөр жайы; курулуш, маалымат технологиялары жана металлургия; энергетика, медицина, билим берүү, финансы жана банк иши; туризм, текстиль, тамак-аш жана иш берүүчүлөр жана профсоюздук укуктук база.

Пикир

Оставить комментарий