• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Анкарада Кыргыз улуттук драма театрынын “Бейтааныш” спектакли акысыз көрсөтүлдү

Маданият 0

Бишкек, 26.03.22. /Кабар/. Анкара шаарында ETHOS эл аралык театралдык фестивалынын алкагында Түркиянын атактуу драматургу Тунжер Жуженоглунун пьесасынын негизиндеги Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын “Бейтааныш” спектакли акысыз көрсөтүлдү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Спектаклге элчи Кубанычбек Өмүралиев менен элчиликтин кызматкерлери, Анкарада жашаган мекендештер жана борбор калаанын жергиликтүү тургундары катышты.

Эртеси күнү элчиликте Өмүралиев кыргыз театрынын жамааты жана ETHOS фестивалынын уюштуруучулары менен жолугушту.

Жолугушууда элчи Өмүралиев түрк тарап менен маданият тармагында ишке ашырылган жана пландаштырылган биргелешкен долбоорлор тууралуу айтып берди.

Тараптар бир күн мурда болгон спектаклди да талкуулап, мындан ары да ушундай иш-чараларды өткөрүү зарылчылыгы боюнча бир пикирге келишти.

Пикир

Оставить комментарий