• 88.68
  • 95
  • 0.95

Армениянын президенти Жапаровду жана кыргыз элин Улуу Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 09.05.23./Кабар/. Армениянын президенти Ваагн Хачатурян президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады.

“Биз үчүн эсте каларлык бул күнү биз келечек муундар үчүн фронттогу жана ооруктагы эрдиги жана кайраттуулугу менен кажыбас эрки жаркын үлгүгө айланган аталарыбыздын жана чоң аталарыбыздын жаркын элесине терең урматтоо жана чын жүрөктөн ыраазычылык менен башыбызды ийебиз.

Биздин өлкөлөрдүн элдеринин Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында чыңдалган достугу Армения менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелерди андан ары өнүктүрүү үчүн бекем пайдубал болуп кызмат кыла берерине ишенем”, - деп айтылат куттуктоодо.

Ваагн Хачатурян Садыр Жапаровго жана жалпы кыргызстандыктарга тынчтык жана жакшылык каалады.

Пикир

Оставить комментарий