• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Жоокердин сабалышы боюнча тергөө уланууда — ӨКМ башчысы

Коом 0

Бишкек, 18.07.22. /Кабар/. Жоокердин сабалышы боюнча тергөө иштери уланууда. Бул тууралуу Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

Анын айтымында, ишти аскер прокуратурасы алып барууда.

“Азырынча ким күнөөлүү, ким күнөөлүү эмес экендигин айтууга болбойт. Жакынкы учурда жыйынтыгы чыгат деп ойлойм”, - деди ал.

Эскерте кетсек, ӨКМдин жоокери ур-токмокко алынганын анын жакындары социалдык тармактарга жазган. Ал эми Башкы прокуратура ӨКМдин аскер бөлүгүндө жоокерди сабады деген прапорщик кармалганын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий