• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ат спорту боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионаты өттү

Спорт 0

Бишкек, 16.11.21. /Кабар/. “Күлүк” ат майданында ат чабыш боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионаты болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мелдештерге жаш категориялары боюнча: балдар, жаштар жана чоңдор, жалпысынан 30дан ашык спортчу катышты.

Мелдеш Бишкек шаарынын мэриясынын, Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын жана Кыргыз Республикасынын Ат спорту федерациясынын колдоосу менен өткөрүлдү.

Мелдештин биринчи күнүндө салтанаттуу ачылыш парады, ошондой эле «Выездка» дисциплинасынын өкүлдөрүнүн көрсөтмөлүү оюну болду.

Бишкекте өтүп жаткан ат оюндары боюнча ачык чемпионат Кыргыз Республикасында ат спортун кеңири жайылтуу, спорттук чеберчиликти жогорулатуу жана Бишкек шаарынын эң күчтүү спортчуларын аныктоо болуп саналат.

Катышуучулар үч күндүн жыйынтыгы менен сыйланышты.

Балдар ат чабуу (баштапкы деңгээл) боюнча мелдештин жыйынтыгы боюнча:

- биринчи орун - Анна Москалева жана Велтман;
- экинчи орун - Екатерина Киселева жана Жизель;
- үчүнчү орун - Коңурбаев Марат жана Миллерон.

FEI минүү, жеке байге (балдар):

- биринчи орун - Майрам Алымкулова жана Лорд Лосли;
- экинчи орун - Василиса Соловьева жана Fire-Fly;
- үчүнчү орун - Василиса Соловьева жана Адель.

FEI минүү, "Жаштар" дисциплинасы боюнча командалык байге:

1) Дүйшекеева Алима жана Сагитта
2) Анастасия Домашова жана Самал
3) Алымкулова Майрам жана Лорд Локси

FEI минүү, "Балдар" алдын ала байгеси:

- биринчи орун - Светлана Аржанухина жана Миллерон;
- экинчи орун - Егор Баглыков жана Византия;
учунчу орун — Усеков Улукбек жана Чари-вари.

Пикир

Оставить комментарий