• 88.68
  • 95
  • 0.95

«Авангард стиль» курулуш компаниясынын башкы директору Эрнис Минкеев кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.10.23. /Кабар/. Кыргызстандагы эң ири компаниялардын «Авангард стиль» курулуш компаниясынын башкы директору Эрнис Минкеев кармалды.

“Кабар” агенттигине Октябрь райондук сотунан билдиришкендей, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун тергөө судьясынын 2023-жылдын 9-октябрындагы чечими менен УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын ага тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылып, М.Э.И.ге карата 2023-жылдын 4-ноябрына чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып, Жазаларды аткаруу кызматынын 21-мекемесине(СИЗО-1) камакка алынган.

Ал КР Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгү (Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) менен айыпталууда.

Пикир

Оставить комментарий