• 88.68
  • 95
  • 0.95

Азия чемпионаты: Айсулуу Тыныбекова финалда бутун кокустатып, сыйлоо аземине чыккан жок — видео

Коом 0


Бишкек, 22.04.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Айсулуу Тыныбекова Монголиядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатында күмүш медалга татыды.

Бирок финалдык кармашуу Тыныбекова үчүн оор болду. Финалда япониялык Нонока Одзакиге каршы килем үстүнө чыккан. Кармаштын экинчи бөлүгүндө Тыныбекова бутун атаандашына алдырып, тогуз упайдан кур калды (9:1). Нонока Одзаки ал ыкманы жасап жатканда Айсулуу бутун кокустатып, күрөштү уланта алган жок. Жыйынтыгында жеңиш япон спортчуга болду.

Килем үстүнөн аксап кеткен Айсулуу Тыныбекова чемпионаттын женүүчүлөрүн сыйлоо аземине чыга алган жок. Анын ордуна Айпери Медет кызы күмүш медалды тагынды.

Эскерте кетсек, Айсулуу Тыныбекова буга чейин Токио Олимпиадасынын күмүш медаль ээси, кыз-келиндер арасында күрөш боюнча дүйнөнүн эки, Азиянын төрт жолку чемпиону болгон.

Пикир

Оставить комментарий