• 88.68
  • 95
  • 0.95

Азыгалиев Өзбекстан Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымынын орун басары менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.04.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Өзбекстан Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымынын орун басары Садык Сафоев менен жолугушту.

Парламенттен билдиришкендей, Нурланбек Азыгалиев менен Садык Сафоев Кыргыз-Өзбек парламенттер аралык комиссиясынын тең төрагалары болуп эсептелет.

Жолугушууда боордош эки өлкөнүн парламенттер аралык кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланып, анын ичинен тараптар алдыдагы иш пландар боюнча пикир алмашты.

Ошондой эле Парламенттер аралык комиссиянын жыйындарын уюштуруу жана анда талкууланчу маселелердин күн тартибине байланышкан маселелер да көтөрүлдү.

Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Кыргызстан Өзбекстан мамлекети менен калыптанган бир туугандык жана коңшулук алакаларды арттырууга ар дайым кызыкдар экендигин белгилеп, кызматташтыкты кеңейтүүдө парламенттик дипломатиянын салымы чоң экенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий