• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бүгүн футзал боюнча Азия кубогунун тандап алуу оюндарына чүчүкулак тартылат

Спорт 0

Бишкек, 06.01.22. /Кабар/. Футзал боюнча Азия кубогу - 2022ге тандап алуу оюндарына чүчүкулак тартуу аземи бүгүн, 6-январда саат 13:00 өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиршти.

Эске салсак, Кыргызстан 2022-жылы өтө турган Азия кубогунун бириктирилген Борбордук жана Түштүк зонадагы тандап алуу оюндарын кабыл алат. Турнир 1-15 апрель күндөрү Бишкекте өтөт. Бириктирилген Борбордук жана Түштук зонага 8 өлкө кирет.

Кутучулардын курамы:

1: Иран, Өзбекстан;

2: Кыргызстан, Тажикстан;

3: Түркмөнстан, Афганистан;

4: Непал, Мальдив.

Чүчүкулак тартуунун жыйынтыгы боюнча 4 командадан турган 2 тайпа түзүлөт. 2022-жылдын 22-сентябрдан тарта 20-октябрга чейин Кувейтте өтө турчу Азия кубогунун финалдык этабына тайпаны сап башын жана экинчи орундарын ээлеген командалар жолдомо алат. Баары болуп турнирге континенттин 16 командасы катышат.

Пикир

Оставить комментарий