• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде эвакуацияланган жарандар керектүү каражаттар менен камсыздалууда

Аймак 0

Бишкек, 16.09.22. /Кабар/. 2022-жылдын 16-сентябры саат 13:00гө карата Баткен облусунда эвакуацияланып, убактылуу пункттарына жайгаштырылгандар жарандар жууркан-төшөктөр менен камсыз болууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ошондой эле жарандар үчүн жергиликтүү бийлик тарабынан ысык тамак-аш уюштурулуп жатат.

Жеринде ӨКМ кызматкерлери менен кошо жарандык коргонуу кызматтары, анын ичинде медицина кызматкерлеринен түзүлгөн бригадалар иш алып барууда. Өмүр сакчылары элге психологиялык жана алгачкы медициналык жардам көрсөтүүдө.

Жеринде өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамыркановдун жетекчилигинде кызматкерлер жарандарды эвакуациялоо, убактылуу жайга жайгашыруу пункттарында кабыл алуу, керектүү гигиеналык каражаттар менен камсыз кылуу иштерин көзөмөлгө алууда.

Эскерте кетсек, 14-сентябрда эртең менен Баткендин Булак-Башы тилкесинде ок атылган. Көп өтпөй тажикстандык чек арачылар Баткендин Как-Сай жерлигиндеги “Достук” жана Паскы-Арык жерлигиндеги “Самаркандек” чек ара заставасына ок чыгарышкан.

Төрт-Көчө жерлигинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар макулдашууларга жетишилген.

Кечээ, 15-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлгөн.

Бүгүн, 16-сентябрда саат 06:00дө тажик тарап КР УКМКнын Чек ара кызматынын Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Боз жергелериндеги чек ара отрядын жана кыргыз тараптын позицияларын аткылай баштаган.

Саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын "Көк-Таш" чек ара бекетинин көзөмөлүндөгү тилкени миномет менен ата баштаган.

Саат 08:00гө карата Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдарында жана Төрт-Көчө участкасынын, Лейлек районундагы Кулунду, Достук, Максат, Сада 1, Акчечек, Катта-Туз, Маданият, Ленин жана Жаңы-Жер аймактарынын тургундары коопсуз жерге эвакуацияланууда.

Учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуулар болууда.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда буга чейин эки аскер кызматкери жана үч жай тургун (бирөө 11 жаштагы өспүрүм) жабыркаганы айтылган. Бүгүн, 16-сентябрда төрт жоокер жана 31 жабыркаган жаран бар экени маалым болду.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тажик тараптын мыйзамсыз жана деструктивдүү аракетине байланыштуу нааразычылык нотасын тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий