• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде Мамлекеттик туу жана Ак калпак күнү салтанаттуу белгиленди. Сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 03.03.23. /Кабар/. Баткен шаарында Мамлекеттик туу жана Ак калпак күнү салтанаттуу түрдө белгиленди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага облус башчысынын биринчи орун басары Маруфкан Тулаев, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мамлекеттик мекеме-ишканалардын жетекчилери, жаштар жана шаар тургундары катышты.

Иш-чара концерттик программа менен жыйынтыкталып, облустун башка аймактарында да улантылды.

Пикир

Оставить комментарий