• 88.68
  • 95
  • 0.95

Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Базарбай Мамбетов каза болду — некролог

Коом 0

Бишкек, 23.10.23./Кабар/. 2023-жылдын 22-октябрында белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, эмгек сиңирген куруучу, Кыргыз Республикасынын мурдагы вице-премьер-министри жана Кыргызстандын Түркмөнстандагы мурдагы элчиси Мамбетов Базарбай Эстебесович 75 жашында узакка созулган оорудан улам каза болду.

Мамбетов Базарбай Эстебесович 1948-жылы 6-майда Талас облусунун Балбал айылында туулган. Мектепти бүтүргөндөн кийин Москва шаарындагы Куйбышев атындагы инженердик-курулуш институтун жана Коомдук илимдер академиясын бүтүргөн.

Ал 1985-жылы Фрунзе шаарындагы Жеңиш аянтынын, Казарман алтын кен комбинатынын, Өкмөт Үйүнүн, Ала-Тоо аянтындагы Тарых музейинин, азыркы Ош жана Аламүдүн базарларынын курулушун жетектеген. Бүт өмүрүн курулуш тармагына арнап, “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу” наамын алган.

1988-жылы Армениянын Спитак шаарындагы катуу жер титирөөдөн кийин шаарды калыбына келтирүү иштерине катышкан.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп, ЕврАзЭС маселелерин жетектеп, Борбордук Азия жана КМШ өлкөлөрү менен соода-экономикалык байланыштарды түзгөн.

2011–2013-жылдары Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы элчиси болгон.

Мамбетов Базарбай бир канча мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган.

Акыркы жылдары гидроэнергетиканы өнүктүрүүдө, өлкөнүн Борбордук Азиядагы стратегиялык суу-энергетикалык позициясын кеңири жайылтып, Нарын ГЭС каскадын курууну улантууда активдүү катышып келген, өлкөнүн Нефтетрейдерлер ассоциациясын жетектеп келген.

Анын үч баласы жана жети небереси бар.

Ата мекендик курулуш тармагынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон көрүнүктүү ишмер Мамбетов Базарбай Эстебесовичтин жаркын элеси түбөлүккө жүрөгүбүздө сакталат.

Мамбетов Базарбай Эстебесовичтин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

С.Н. Жапаров, Н.Т. Шакиев, А.У. Жапаров, З.К.Базарбеков, Э.Ж. Осконбаев, С.С.Касмамбетов, А.А. Касымалиев, К.К. Ташиев, Б.Э. Торобаев, Э.Ж. Байсалов, С.Ш. Жээнбеков, Р.И. Отунбаева, Дж.К. Исаева, Н.А. Азыгалиев, Н.О. Сыдыгалиев, Д.А. Джумабеков, Р.Ш. Жакышов, Д.К. Исаева, Г.С. Молдобекова, М.М. Мураталиев, Б.К. Чойбеков, А.Дж. Джумагулов, М.Ш. Шеримкулов, А.Т. Алымкулов, А.Дж. Джунушалиев, М.К. Укушов, А.К. Осмонов, А.Н. Исанов, У.О. Ниязбеков, А.К. Бакетаев, А.Б. Баетов, М.Ж. Жыпаркулов, Н.К. Дарданов, Э.Дж. Джумаев, Н.Ж. Нармырзаев ж.б.

.

Пикир

Оставить комментарий