• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бир айда Кыргызстандан Швейцарияга жарым тоннадан ашык алтын экспорттолду

Экономика 0

Бишкек, 15.06.23. /Кабар/. Апрель айында Кыргызстандан Швейцарияга 598 кг 30,5 грамм алтын экспорттолду. Мындай маалымат Улуттук статистикалык комитеттин 4 айдагы тышкы жана өз ара соода тууралуу бюллетенинде белгиленген.

Ал эми ушул эле жылдын январь-март айлар аралыгында Швейцарияга 645 кг 255,3 грамм алтын жеткирилген. Жаңыланган бюллетенде январдан апрелге чейин бул өлкөгө баалуу металлдын экспорту 1 тонна 243 кг 285,8 граммга чейин өсүп, өсүш 90% түзгөнү айтылат.

4 айда Швейцарияга сатылган алтындын баасы 78 млн 223,9 миң долларды түзгөн. Бул орточо эсеп менен алтындын 1 граммы 62,9 доллар, же унцийи 1956,9 долларга барабар. Баа Лондон биржасындагы алтындын наркына жакын.

Жалпысынан Кыргызстан январдан апрелге чейин 1 тонна 411 кг 167,9 грамм алтын экспорттоп, анын алпы баасы 87 млн 922 миң 749 долларды түзгөн:

- Кытайга (Гонконг) - 9 млн 698 миң 859 долларга 167 кг 882,1 грамм алтын экспорттогон. Бул орточо эсеп менен бир унцийи 1796,9 долларды түзөт;

- Швейцарияга - 1 т 243 кг 285,8 грамм, же жалпы көлөмдүн 88%ы экспорттолгон.

Пикир

Оставить комментарий