• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бир жашка чейинки 2 наристе бар — Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жаш курагы айтылды

COVID - 19 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. Республикалык штабдан Кыргызстанда коронавирусуна чалдыккандардын жаш курагы боюнча маалымат беришти.

Коронавирус жуктуруп алган 94 адамдын ичинен;

— 15 жашка чейинки балдар – 9, анын ичинен 1 жашка чейинки 2 наристе;
— 16 жаштан 19 жашка чейин – 4 адам;
— 20 жаштан 35 жашка чейин – 29 адам;
— 35 жаштан 55 жашка чейин – 23 адам;
— 55 жаштан уулу – 29 адам бар.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгач 94 учур тастыкталды. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда – 49, Ош облусунда – 33, Чүй облусунда – 3, Баткен облусунда – 1, Бишкек шаарында – 7, Нарын облусунда – 1 учур. Коронавирус аныкталган бейтаптардын ичинен: аялдарда – 53 учур, эркектерде – 41 учур.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген. Мындан улам саат 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды.

Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана жол кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий