• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бириккен Араб Эмираттарынан мыйзамсыз ташылып келген унаалар аныкталды

Коом 0

Бишкек, 09.03.23. /Кабар/. Бириккен Араб Эмираттарынан унааларды мыйзамсыз киргизүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Түштүк-Батыш бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери ЕАЭБдин жана Кыргызстандынбажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө товарларды жалган декларациялоо фактысын аныкташкан.

Т.Ж.А. алуучунун дарегине БАЭден, унаада, жарым чиркегич менен автомобиль тетиктеринин ассортиментти товары келген.

Унааны алдын ала текшерүү учурунда декларацияланбаган Toyota Camry, Honda Jazz, Honda Fit үлгүсүндөгү унаалар аныкталган.

Факт каттоого алынып, материалдар КР мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий