• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек мэриясы акыркы коңгуроону кадимки форматта өткөрүүнү пландоодо

Билим 0

Бишкек, 19.05.21. /Кабар/. Бишкек мэриясы акыркы коңгуроону санитардык нормаларды эске алуу менен салттуу режимде өткөрүүнүн алгоритмин иштеп чыгууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, акыркы коңгуроо 100% салттуу режимде өткөрүлөт деп айтууга азырынча эрте.

“Бирок иш-чараларды бардык санитардык нормаларды эске алуу менен өткөрүүнүн алгоритмин иштеп чыгуу тапшырмасы берилди”,-деп түшүндүрдү мэриядан.

Эске сала кетсек, акыркы чечим Билим берүү жана илим министрлиги, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл мамлекеттик борбору менен биргеликте кабыл алынат.

Мындан мурда Билим берүү жана илим министрлиги “Кабар” агенттигине акыркы коңгуроо салттуу режимде өткөрүлбөй турганын, бардык иш-чаралар онлайн-форматта өткөрүлө турганын билдирген.

Ведомствонун маалыматы боюнча, куттуктоо программалары облустардагы, Бишкек жана Оштогу билим берүү борборлору 15 мүнөттүк кылып даярдашы керек. Эфир убактысы буга чейин “ЭлТР” жана “Илим-Билим” телеканалдарында 25-май саат 10дон 12:30га чейин бөлүнгөн.

Ошондой эле бул жылы бүтүү кечелерин өткөрүүгө дагы тыюу салынган.

Пикир

Оставить комментарий