• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек мэриясы ижарачыларга дебитордук карыздарын 1-июлга чейин төлөөнү эскертет

Коом 0

Бишкек, 03.06.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы дебитордук карызды чогултууну жана төлөбөгөндөрдөн ижарага алынган жер тилкелерин кайра алуу боюнча жигердүү иш алып барууда.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыл башынан ушул күнгө чейинки мезгил аралыгында 6 жер тилкесин ижара келишими бузулуп, 6.0205 гектардан ашык жер муниципалитетке кайтарылды. 38 сот иши боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын пайдасына 437,08 млн сом суммасындагы доо арыздар сот тарабынан толук канааттандырылган.

Бишкек шаарынын мэриясынын жер ресурстар башкармалыгы жерди пайдалануучулардан ижара акысын өз убагында төлөөнү жана 2021-жылдын 1-июлуна чейин болгон карызды төлөп берүүнү суранат.

"Ижара төлөмдөрү боюнча карыздар төлөнбөй калган учурда, жер ресурстар башкармалыгы сот аркылуу карыздарды өндүрүү боюнча чараларды көрөт, анын ичинен: сот чыгымдарын төлөп берүү, мүлктү камакка алуу, жер участокторун пайдалануу укугун токтотуу, карыздын ордун толтурууну камсыз кылган башка чараларды көрүү, мажбурлоо чаралары", - деп айтылат билдирүүдө.

Жер ресурстар башкармалыгы ижара төлөмдөрү боюнча ижара карызынын төлөнүшү жөнүндө билдирүүлөрдү жана эскертүүлөрдү жөнөтөт.

Суроолор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын жер ресурстары башкармалыгына Чокморов көчөсү 246 дареги боюнча кайрылсаңыздар болот, телефон: 0312 45-42-41, 0312 45-42-73.

Пикир

Оставить комментарий