• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекке жыл аягына чейин көп орундуу 120 автобус келет

Коом 0

Бишкек, 15.11.22. /Кабар/. Жыл аягына чейин Бишкек шаарына көп орундуу жана заманбап үлгүдөгү 120 автобус келет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Бишкек шаардык мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев билдирди.

Анын айтымында, аталган автобустарды сатып алууга жергиликтүү бюджеттен 1 млрд сом бөлүнгөн.

“Негизи 1 млрд сомго 100 автобус сатып алуу пландалган. Бирок, биз каражатты үнөмдөө жаатында бир топ иш-чараларды жүргүзүп, 100 автобустун ордуна 120 автобус сатып алганы жатабыз”, - деди ал.

Нусувалиев белгилегендей, бул автобустар бир айдын аралыгында келет.

Пикир

Оставить комментарий