• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Эл артисти Келдибек Ниязовдун 70 жылдык мааракеси белгиленет

Маданият 0

Бишкек, 15.11.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 16-ноябрында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү куудул Келдибек Ниязовдун 70 жылдык мааракеси белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, маараке кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал ырчы, куудулдар катышуусундагы чоң программадагы автордук концерт менен коштолот. Иш-чара саат 18: 30да башталат.

Келдибек Ниязов 1952- жылы 8- сентябрда Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Куланак айылында туулган.

1969-жылы Куланак айылындагы орто мектепти аяктап, 1972-жылы эки жылдык эстрадалык студиядан окуп, улуттук эстрада жанрынын негиз салуучусу Чоро Кожомжаров менен бирге иштешкен.

1989-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик маданият жана искусство университетинин маданий массалык иштер боюнча факультетин аяктаган.

Окууну аяктаган соң, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында эмгектенип, эл артисттери Эстебес Турсуналиев, Токтосун Тыныбеков, Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиев, Замирбек Үсөнбаевдер менен чыгармачылык жолдо бирге иштеген.

Белгилүү куудул Асанкул Шаршенов менен кыргыз сахнасында кыргыз элине күлкү-шаң тартуулап, дээрлик 30 жылдан ашык бирге жүргөн.

Келдибек Ниязов “Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы", “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти", "Кыргыз Республикасынын эл артисти” ардактуу наамдары менен сыйланган.

Пикир

Оставить комментарий